Бүгүн, 4-августта кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Ал финалдык беттеште япониялык спортчу Юкако Каваиден 4:3 эсебинде жеңилип калды.
Тыныбекова 1/8 финалда латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсебинде ири жеңишке ээ болгон, чейрек финалда Румыниянын өкүлү Криста Тунде Инчени да ишенимдүү түрдө жеңди. Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кармашып, аны 10:0 эсеп менен жеңип, финалга чыккан болчу.