Азамат! Акжол Махмудов да Болгариядагы мелдеште алтын алды

Бүгүн, 5-мартта Болгариянын София шаарында өтүп жаткан «Dan Kolov — Nikola Petrov» эл аралык турниринде 77 килограмм салмак категориясында Акжол Махмудов жеңүүчү болду. Бул салмакта жалпы 21 спортчу катышты. Финалдык беттеште кыргызстандык балбан армениялык Малхас Амоянды 1:1 эсебинде утту.

Махмудов беттешин 1/16 финалдан баштап, 3 жеңишти камсыздоо менен жарым финалган чыккан. Ал эми финалга болгон жолдомо үчүн ал норвегиялык Пер Андре Кюре менен күрөшкөн. Бирок Пер Андре Кюре жаракат алып, беттешти уланта албагандыктан Махмудов финалга жөнөгөн. Алтын байге үчүн болгон таймашта кыргызстандык балбан армениялык Амоянды тизе бүктүрүп, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

1/16 финал. Акжол Махмудов — Хуан Себастьян Аак (Норвегия) — 6:1
1/8 финал. Акжол Махмудов — Кристас Кутсуридис (Греция) — 9:0
1/4 финал. Акжол Махмудов — Патрик Адам Беднарз (Польша) — 10:0
1/2 финал. Акжол Махмудов — Пер Андре Кюре (Норвегия) — 2:0, атаандашы жаракат алып калды
Финал. Акжол Махмудов — Малхас Амоян (Армения)

Аталган турнир 2-мартта башталган. Кыргыз мамлекетинин атынан гек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасында Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков бар.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы мелдеште алтын алган.