Азамат! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты (видео)

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

Анын атаандашы азербайжандык спортчу болду. Аны 12:8 эсебинде жеңип алды.

Финалдык беттеш эртең, 6-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.