Азия чемпионаты (U23): Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда 2-орунду ээледи

Кечээ, 18-июнь күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталды.

23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты. Курама команда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.