Бүгүн, 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) Азия чемпиондугу старт алат. Алдын ала раунддун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 9:30да башталат.
Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 5 комплект медаль ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыгат:
- 55 килограммга чейин — Балбай Дордоков;
- 63 килограммга чейин — Тынар Шаршенбеков;
- 77 килограммга чейин — Акжол Махмудов;
- 87 килограммга чейин — Мелис Айтбеков;
- 130 килограммга чейин — Роман Ким.











