Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 29-январда жыйын өтүп, Азия Кубогунун жыйынтыгы боюнча маалымат угулган. Алгач союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирди. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту.
КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.
Эң туура иш болуптур.Мен дүйнөлүк рейтингде байкап келем.Акыркы эки жылда футбол боюнча жооптуу адамдардын колунан эч нерсе келбеди
Кресло учун да татыктуу жумуш кыла алышкан жок Ак шумкарлардын аты ак шумкар болгону менен иштери каргачалык иштей албай,бүтүндөй кыргыз жүрөгүн ооруткан команда болду.