Abank july
SerepTV Logo

Таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык спортсмендердин катышуусу боюнча кырдаалга түшүндүрмө

Таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык спортсмендердин катышуусу боюнча кырдаалга  түшүндүрмө
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Монголияда өтүп жаткан таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын спортсмендеринин катышуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. Аталган Азия чемпионатына катышууга даярданып жаткан спортсмендер Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналбайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет тарабынан спорттук иш-чараларга каржылык колдоо Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларына көрсөтүлөт. Команданын курамы расмий тандоо жана бекитүү жол-жоболору аркылуу аныкталып, эл аралык расмий мелдештерге катышуусу белгиленген тартипте камсыздалат. Ошол себептен бул мелдешке катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын катышуусу катары каралбайт жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган эмес. Ошондой эле маалымдай кетсек, спортсмендердин авиабилеттерин уюштуруу үчүн үчүнчү тарап компаниясы тартылган. Кийинчерээк авиабилеттер талаптагыдай сатылып алынбаганы аныкталып, спортсмендердин өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралган. Учурда тиешелүү органдар жана жооптуу тараптар тарабынан бул жагдайды жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана спортсмендердин эл аралык мелдештерге катышуусуна мыйзамдардын талаптарына ылайык көмөк көрсөтүүнү улантат.