125 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан балбан Айаал Лазарев Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Ал чечүүчү күрөштө венгриялык Даниэль Лигетини 12:2 эсебинде утуп, жеңишке жеткенин Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымдады.
«Кыскасы, жайкы Олимпиадага 10 балбаныбыз бара турган болду. Ушуга да шүгүр дейли, жаман эмес. Баарыныздарды жеңишибиз менен куттуктайм», — деп жазды ал.