Бали! Үзүр Жусупбеков Түркиядагы мелдеште коло байге утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду.

Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш 7-март күнү башталган. Ата мекендик спортчу 97 килограмм чейинки салмакта күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, кийин грузиялык балбанды артта калтырды. 1/4 финалда ирандык балбанга утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн беттеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаровду жеңип коло байгени багындыра алды.

7-март күнү Түркиянын Анталья шаарында башталган «Yasar Dogu&Vehbe Emre» аталышындагы эл аралык спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер арасында) мелдештер 11-март күнү жыйынтыкталат.