Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Чемпиондук ушул күндөрү Белградда 23 жашка чейинки спортчулар арасында өтүүдө. Балбан мелдешти 3-ноябрда 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.
Алгачкы беттеште Айпери Медет кызы Эквадордон барган спортчу менен беттешип, туше менен жеңишке жетсе, чейрек финалда индиялык спортчуну 28 секундда ийнин жерге тийгизген. Жарым финалдык беттеште Айпери Медет кызынын атаандашы америкалык болуп, аны кыргызстандык 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу финалда колумбиялык спортчу менен алтын медаль үчүн беттешет.










