Баракелде! Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирде алтын медалга ээ болду

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль жеңди. Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жатат.

Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан старт алган. Алгачкы беттеште кыргызстандык Орусиянын спортчусу менен кез келип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Чейрек финалда Медет кызы Орусиянын дагы бир спортчусун утуп алды. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык германиялык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти. Финалдык беттеште Медет кызы Австриянын спортчусу менен беттешип, аны 6:4 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.