Abank july
SerepTV Logo

Баракелде! Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

Баракелде! Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду
Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. 77 килограмм салмакта, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болуп, 3-жолу Азия чемпиону болду.  Спортчу 1/4 финалдан баштаган. Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда япониялык спортчуну утуп, финалга жолдомо алган. Финалдык беттеште ирандык балбан Амин Кавиянинеджад жаракат алгандыгына байланыштуу беттешке чыккан жок.