Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт

Кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

3-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Газпром-балдарга» ден-соолукту чыңдоо борборунда Дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчуллар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Катышуучулар 62, 75, 85, +85 кг салмак категорияларында күч сынашат.