Бишкекте Садыр Жапаров баштаган футболдук турнирден сүрөттөр

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 27-28-май күндөрү өтүүчү салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды.

Бүгүн, 27-майда, “Газпром — балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде иш-чаранын ачылышы болду. Турнирге 16 команда катышууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен баарын куттуктап, бул төртүнчү турнир экенин эске салды.

Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар.

Командалар төрт группага бөлүнгөн:

А группасы: «Президенттин командасы», «Фемида», «Ыйман», «Алга»;
В группасы: «Спорттук федерациялар», «Жогорку Кеңеш», «Ден соолук», «Аймактар»;
С группасы: «Коопсуздук», «Бизнес», «Спорт жылдыздары», «Билим»;
D группасы: «Достук», «Өнөр», «Курултай», «Журналисттер».