«Биздикилерге эле окшошуп калат экен». Азия чемпиондугунда япониялык балбан жеңишинен кийин калпак кийди (видео)

Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңген япониялык балбан Шинго Харада жеңишинен кийин ак калпак кийди.

Ал финалда ирандык балбанды жеңип, 72 килограмм салмакта Азия чемпиону аталды. «Кыргызстанда болгондон кийин жеңишиңди Шинго Харададай майрамдаш керек», — деп жазды Дүйнөлүк күрөш уюму.

Сүрөттүн алдына кыргызстандыктар калпакты баалаганы үчүн ыраазычылык билдиришти. «Кыргыз-япон бир тууган», «Өзүбүздүкүнө эле окшошуп калат экен», «Шингобек Харабек уулу болуп калды», «Кыргыз эле го» деген билдирүүлөрдү калтырып жатышат.