Кыргызстандык спортчу Кубанычбек “Омок” Абдысалам уулу Brave CF күрөш уюмунда чемпиондук титулун биринчи коргоосун ийгиликтүү өткөрдү.
5-декабрда Бахрейндеги Brave CF 77 турниринде жеңил салмактагы чемпион бразилиялык Лукас Мартинс менен беттешти. 35 жаштагы бразилиялык UFCде 7 беттеш өткөргөн. Абдысалам уулу биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук титулун коргогон биринчи жеңил салмактагы мушкер болду.
2022-жылы жайында Бухарада (Өзбекстан) Абдысалам уулу казакстандык Олжас Эскараевди жеңип, убактылуу чемпион болсо, 2023-жылы кышында “Омок” орусиялык Камир Магомедовду жеңип, өз дивизионунун абсолюттук чемпиону болгон. Бардыгы болуп Brave CF жеңил салмак категориясынын тарыхында 8 чемпион болгон жана бир гана кыргызстандык титулун коргой алган.