Бүгүн Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан менен күч сынашат

Мээрим Жуманазарова Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдеште күч сынашат.

«Гран-при Москвы — Кубок АЛРОСА» деп аталган мелдештин жүрүшүндө Орусиянын күрөш боюнча курама командасы чет өлкөлүк балбандар менен күрөшөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 4-декабрга караган түнү саат 00:30да башталат. Анда 68 килограмм салмакка чейинки категорияда Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева беттешет.

Спортчулар буга чейин Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалында кез келишкен. Анда Мээрим жеңишке жетишкен. Бирок Орусиянын күрөш федерациясы ал беттешти тейлеген калыска нааразычылык билдирген болчу. Жалпысынан Жуманазарова менен Велиева үч ирет күч сынашкан жана кыргызстандык балбан бир дагы жолу жеңилген эмес.