Франциялык чабуулчу Карим Бензема 2022-жылкы «Алтын топту» жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 17-октябрда Парижде өттү.
34 жаштагы футболчу өткөн сезондо «Реал Мадрид» менен Ла Лиганы жана Чемпиондор Лигасын жеңип, эки мелдеште тең мыкты бомбардир болгон. Мадриддик клубдун курамында футболчу 2007-жылдан бери ойноп келет. Жалпысынан ал команда үчүн 421 беттеш өткөрүп, 223 гол киргизген.
Былтыр ПСЖ жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси 7-жолу «Алтын топту» алган.