18-июндан тартып Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттук лигасы өтүүдө. Мелдешке 6 мамлекеттен (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышууда.
Оюндун салтанаттуу ачылыш аземине “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев жана Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.
Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстан жаштар курама командасы Түркмөнстан курама командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Ага чейин Кыргызстан улуттук курама командасы Өзбекстандын курама командасын 3:0 эсебинде жеңген.
Мелдеш 25-июнга чейин болот.