Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде күмүш медаль алды (сүрөт, видео)

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык 200 ярд аралыкка АКШнын Атлантика жээгиндеги конференциясына катышып, 1 мүнөт 51,89 секунд жыйынтыгын көрсөткөн. Ал 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.