Денис Петрашов Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында алтын медаль жеңди. Финалда 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча өткөн беттеште биринчи келди.

Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду. Буга чейин Денис Петрашов 50 жана 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки коло медаль тагынса, алтын медаль үчүнчү болду.