Abank
SerepTV Logo

Суучул Петрашов Израилде өткөн эл аралык спорттук жарышта алтын медалга татыды

Суучул Петрашов Израилде өткөн эл аралык спорттук жарышта алтын медалга татыды
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Израилдин Тель-Авив шаарында Маккабиада деген аталыштагы 4 жылда бир өткөрүлгөн эл аралык спорттук турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. 12-26-июль күндөрүнө пландалган спорттук жарышта суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 200 метрге жарышка чыгып, биринчиликти багындырды. Белгилей кетсек, Маккабиада жарыш оюндары дүйнөдөгү массалык спорттук оюндардын арасында 3-орунда турат. Жалпысынан спорттук турнирге 60 өлкөнүн спортчулары катышып, спорттун 42 түрү боюнча күч сынашат.