Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды.
3-октябрда Ослодо эркин күрөш боюнча кыз-келиндер турниринин катышуучуларына чүчү кулак тартылды. Кыргызстандын курама командасынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 3 спортчу өз күчүн сынайт.
62 килограмм салмакта учурдагы чемпион Тыныбекованын беттеши 1/8 финалдык баскычтан башталат. Анын атаандашы япониялык Нонока Озаки болмокчу. Беттешке бүгүн, 4-октябрда чыгат.










