Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекованын коло үчүн болгон беттештеги атаандашы аныкталды

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге үчүн күрөштө Айсулуу Тыныбекованын атаандашы аныкталды.

Кыргызстандык 12-сентябрда 62 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан старт алды. Алгач Тыныбекова Болгариянын спортчусун жеңсе, 1/4 финалда германиялыкты жеңди. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен беттешип, 5:11 эсебинде жеңилип калды.

13-сентябрда кыргызстандык Илона Прокопевнюк (Украина) менен коло үчүн күрөшөт. Медалдар үчүн кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.