Дүйнө чемпиондугу. Арсалан Будажапов коло медаль жеңди

Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Арсалан Будажапов коло медаль тагынды.

Ал 1/4 финалда АКШдан барган балбанга утулуп, бирок коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Коло үчүн болгон беттеште болгариялык спортчуну жеңди.