Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешке чыгат. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалат.
Кыргызстандык 76 килограмм салмакта күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
Буга чейин Айпери Медет кызы Ослодо өткөн чоңдор арасындагы Дүйнөлүк чемпиондугунда 3-орунду, Токио Олимпиадасында 5-орунду алган.











