Дүйнө чемпиондугу. Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.

Ал бүгүн, 4-октябрда беттешин 1/16 финалдан баштап, Шри-Ланканын өкүлүн жеңип алды. 1/8 финалда кыргызстандык Армениянын балбанын 11:2 эсебинде жеңди. Акматалиев чейрек финалга чыкты, анда ал ирандык Эрфан Мохаммад Элахи менен кез келет.