Дүйнө чемпиондугу. Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыга албай калды. 70 килограммга чейинки салмакта ал Молдова менен Болгариянын спортчуларын жеңип, бирок Япониядан барган балбанга утулуп калды.

Дагы бир кыргызстандык Арсалан Будажапов 79 килограммга чейинки салмак ченинде 1/4 финалда АКШдан барган балбанга утулуп, бирок коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды. Финалдык беттештер эртең кечинде болот.