Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова беттешти жеңиш менен баштады

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда ийгиликтүү баштады. Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Анын биринчи атаандашы азыркы дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болгариялык Биляна Живкова Дудова болду. Тыныбекова жеңишке жетип, чейрек финалга өттү.