Дүйнө чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчулар Жоламан Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов Дүйнө чемпиондугунда беттештерин баштады.

Шаршенбеков 1/8 финалда беларусиялык Максим Кожарскийди утуп алды, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилиден күчтүүлүгүн көрсөтүп, жарым финалга чыкты. Эми ал жарым финалдык беттеште азербайжандык Мурад Маммадов менен кез келет. Беттеш саат 20:45те башталат.

Ал эми Бексултан Махмудов беттешти даниялык Маттиас Бак менен кез келүүдөн баштады. Бирок 1/8 финалда ал германиялык Петер Эллерден жеңилип калды.