Мбаппе Дүйнө чемпиондугунда мыкты бомбардир болду

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эң мыкты бомбардири болду.

2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентина менен болгон беттеште ал үч гол киргизген. Чабуулчунун эсебинде Катардагы турнирде жалпы 8 голу бар. Ал бомбардирлердин тизмесинде биринчи орунду ээледи. Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 7 гол менен экинчи орунда.

Килиан Мбаппе 1998-жылы 20-декабрда Парижде төрөлүп, Бондиде чоңойгон. Мбаппе улуту боюнча француз. Бою 178 сантиметр. Атасы футбол боюнча балдар тренери. Апасы Файза Ламари мурда профессионалдуу гандбол ойногон. Футболчунун иниси жана бакма агасы бар. Ал 6 жашында футболго кызыгып, ойноп баштаган. Ага атасы жардам берген. Үй-бүлөлүк абалы бойдок.