Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мас-рестлинг боюнча кыргыз курама командасы 3 алтын байге жеңди

Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча курама командасы 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө мас-рестлинг боюнча Кыргызстандын курама командасы 6 медаль жеңди. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль. 70 килограмм салмакта Азамат Асанов, 110 килограмм салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 килограмм салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту. 75 килограмм жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов, Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.