Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш расмий мелдеш катары кирди

Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Көк бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Оюнчулар 28-сентябрда учушат. Мындан сырткары Көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчулар катышат.

Буга чейин улакчылар Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына баруунун зарылдыгына шектенип жатышкан.