Abank july
SerepTV Logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстан Казакстанды жеңди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстан Казакстанды жеңди
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстандын курама командасын 5:0 эсебине жеңип алды. Чечүүчү 3-таймда Казакстандын курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан эмес. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.