Египет: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалга ээ болушту

Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалга ээ болушту.

68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова үчүнчү орун үчүн күрөштө АКШдан барган атаандашын жеңип алган.

Ал эми 76 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы Кытайдан барган спортчудан күчтүүлүгүн көрсөттү.