Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 1 алтын, 3 коло жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
«41 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан Садырбек Кайыпбеков алтын медаль тагынды. 38 килограммга чейинки салмакта Калыбек Бактыбеков, 44 килограммга чейинки салмак категориясында Жакшылык Боробаев жана 57 килограммга чейинки салмакта Талгарбек Ашымов коло медаль тагынышты. Курама команда машыктыруучу Азат Мирахимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты»,— деп айтылат маалыматта.