Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

 1/16 финалда Акматалиев Шри-Ланканын өкүлүн жеңип, кийинки беттеште Армениянын балбанын 11:2 эсебинде утуп алган. Ирандык Эрфан Мохаммад Элахи чейрек финалда кыргызстандыктын атаандашы болду. Беттеште Акматалиев жеңишти тартып алып, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык орусиялык Евгений Жербаев менен беттешип, аны 9:5 эсебинде жеңди.

5-октябрда Эрназар Акматалиев алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы польшалык спортчу Магомедмурад Гаджиев болмокчу.