Кечээ, 11-сентябрда Дубай шаарындагы «Севенс» стадионунда Кыргыз футбол курама командасы менен Кувейт курама командасынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Оюндун 11-мүнөтүндө атаандаштар беттештин эсебин ачууга жетишкен. Биринчи таймдын аягында Гүлжигит Алыкулов топту атаандашынын дарбазасына киргизип эсепти теңдеген. Биринчи тайм 1:1 эсеби менен аяктады.
Экинчи таймдын 70-мүнөтүндө Кожо Жоэль гол киргизип, бул команданын чабуулчусунун дебюту болду. Ошондой эле Жоэл 88-мүнөттө атаандаштарынын дарбазасына топту дагы киргизип, бул беттешке чекит койду. Жыйынтыгында 3:1 эсеби менен кыргыз футболчулар жеңишке жетишти.