Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу. Бразилия менен Хорватия чейрек финалга чыкты

Хорватиянын курама командасы Япония курамасын жеңип, Дүйнө чемпиондуктун чейрек финалына чыкты.

Командалардын ортосундагы беттеш кечээ, 5-декабрда Аль Вакрах шаарындагы Al Janoub Stadium стадионунда өттү. Дарбазачы Доминик Ливакович беттештин башкы каарманына айланды, ал үч соккуну кайтарып, команданы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун кийинки айлампасына алып чыкты. Жыйынтыгында хорваттар пенальти менен япониялыктарды 3:1 эсебинде утуп алышты.

Ошондой эле Бразилия дагы чейрек финалга Түштүк Кореяны жеңип чыкты. Беттеш Дохадагы «974» стадионунда өтүп, ал 4:1 эсебинде аяктады.