Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалисттери аныкталды

Чейрек финалдагы оюндардын жыйынтыгында жарым финалга Хорватия, Аргентина, Марокко, Франция курама командалары чыкты.

Ким чемпион болот? Титулдун учурдагы ээси Франциябы? Же 2018-жылы күмүш медалдын ээси аталган Хорватия курама командасыбы? Сенсация жаратып дүйнөнү таң калтырып, тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыгып жаткан Мароккобу? Же башында Месси турган Аргентинабы?

Жарым финалдык оюндардын жадыбалы (Бишкек убактысы боюнча):
Хорватия: Аргентина (14-декабрь, 01:00)
Франция:Марокко (15-декабрь, 01:00)

Турнирдин финалы «Лусаил Айконик» стадионунда 18-декабрь күнү орун алат.