Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта плей-офф баскычына чыккандардын баары аныкталды

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта плей-офф баскычына чыккандардын баары аныкталды.

1/8 финалда мындай тартипте оюн уланат: Нидерланддар — АКШ, Аргентина — Австралия, Франция — Польша, Англия — Сенегал, Япония — Хорватия, Бразилия — Түштүк Корея, Марокко — Испания, Португалия — Швейцария. Бул беттештер 3-6-декабрь күндөрү өтөт. Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрда жыйынтыкталат.

Плей-оффко учурдагы дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесин алган бельгиялыктар, дүйнөлүк чемпионаттын төрт жолку жеңүүчүсү болгон германиялыктар, 2002-жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку жеңүүчүсү болгон уругвайлыктар чыга алышкан жок.

Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында биринчи жолу плей-оффко Япония, Түштүк Корея, 2006-жылдан бери алгачкы жолу Австралия чыга алды.