Футбол: Бүгүн Кыргызстандын курамасы кытайлык Тайбэй менен беттешет

Бүгүн, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келет.

Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын курамасы Оман, Малайзия жана кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан. Эки турдун жыйынтыгы боюнча улуттук курама үч упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээледи.

Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат. Аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта борбор калаабыздын Д.Өмүрзаков стадионунда орун алат.