Бүгүн, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтүп жатат.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын ача алышкан жок. Калыстар беттешке кошумча 1 мүнөт беришти, бирок ал эч нерсени өзгөртө алган жок.
Экинчи бөлүктүн 52-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусун каршылашы кулатып, пенальти жаралды. Топту Валерий Кичин тээп, алгачкы голду жаратты. 79-мүнөттө Кыргызстандын курамасы 2-голун киргизди. Анын автору Кай Мерк болуп калды. Негизги убакыт бүткөн соң, 5 мүнөт кошуп беришти. Бирок кошумча берилген убакытта эч нерсе өзгөргөн жок. Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
26-мартта Кыргызстан менен кытайлык Тайбэй Бишкекте беттеш өткөрөт. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Александр Мищенко жубайы менен "гендер пати" өткөрүштү. Видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты. Видеодон көргөндөй,...
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Американын Калифорния штатынын Сакраменто шаарында өткөн “TYR Pro Swim Series” алтын...
25-марттан 30-мартка чейин Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда байгелүү кайткан спортчуларга ыраазычылык билдирип, 1-орунга 200 миң сом, 2-орунга 150...
Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев UFC уюмунда дебюттук беттешин өткөрөт. Кыргызстандык 6-апрелде эртең менен Лас-Вегаста (Невада, АКШ) өтө турган ESPN: Emmett...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын кезектеги рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 210 кураманын ичинен 103-орунду алды....