Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен күч сынашып жатат. Оюндун биринчи бөлүгү 5:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Гол жараткан футболчулар: Рустамов, Мусабеков, Алыкулов, Шүкүров, Мурзаев.
Буга чейин Бишкек шаарында өткөн биринчи оюнда кыргыз футболчулары мьянмалыктарды 7:0 эсебинде утушкан.