Кечээ, 9-январда Кыргызстандын Улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү, ал команданын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өттү. Жолугушуу Дохадагы «Al Egla» машыгуу талаасында орун алды.
Беттештин 31’ мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63’ мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок Айзар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.
Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландга каршы өтөт.
Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда...
Кечээ, 22-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алкагында 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак категориялары боюнча мелдештер...
Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400...
Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң...
Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Омар Ливаза финалга чыкты. Ал алгач Өзбекстандык Саят Ильясовду...