Футболчу Алимардон Шүкүровдун ооруканада эсине келгени маалым болду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Беларусь чемпионатынын алкагындагы беттеште жаракат алды. Буга чейин массалык маалымат каражаттар анын реанимацияда экенин жазышкан.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, Шүкүров оюн учурунда «Динамо» командасынын оюнчусу менен кагылышып, катуу сокку алган. «Алимардон азыр эсине келип, ооруканада. Гематома жана сынык жок»,- деп айтылат маалыматта.