Хабиб Нурмагомедов: «Менин оюмча Абдибаит уулу жеңилген жок»

10-августта Бишкекте өткөн Eagle FC 49 турниринин негизги беттешинде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилип калды.

Кыргызстандык жеңил салмак категориясынын титулдук беттешинде орусиялык Расул Магомедов менен беттешип, бир добуш менен 48:47 эсебинде утулуп калды. Ал беттешти сары айып кагазы менен баштады. 

Көрүүчүлөр калыстардын чечимине нааразычылыгын билдиришти. «Менин көрүүчүлөргө суроом бар, Расул эмнеге күнөөлүү? Ким түшүндүрөт? Ал эмнеге күнөөлүү? Салмак кууду, күрөштү. Бусурманкулдун салмагын көрсөтүлгөн салмакка түшүрө албаганын эске алышыңыздар керек. Менимче Бусурманкул утулган жок. Бирок анын упайы алынды”, — деди беттештен кийин Хабиб Нурмагомедов.