Хорватия утту! Загреб түнү менен майрамдады

Кечээ, 17-декабрда Хорватия менен Марокконун беттеши 2:1 эсебинде аяктап, хорваттар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээледи.

Голдордун ээлери: Йошко Гвардиол, 7 (1:0), Ашраф Дари, 9 (1:1), Мислав Оршич, 42 (2:1).

Жогорудагы эки команда 23-ноябрда биринчи группалык этапта ойноп, анда беттеш 0:0 эсебинде аяктаган болчу.

Хорватия үчүн бул медаль дүйнөлүк чемпионатта үчүнчүсү болуп калды. 1998-жылы Францияда хорваттар коло алса, 2018-жылы Орусияда күмүш алган болчу.

Бул аралыкта Хорватиянын борбору Загреб түнү менен майрамдады. Жеңиштен кийин шаардын көчөлөрүнө миңдеген күйөрмандар чыгып, ырдап, бенгаль шамын күйгүзүп, фейерверк аттырышты. Автоунаа жүргөн жолдордо кыймыл токтотулду. Полиция тартипти сактап жатканы менен майрамга тоскоолдук жаратышкан жок.