Ислам оюндары. Дзюдочу Шахида Нармухамедова финалга чыкты

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык спортчу Шахида Нармухамедова финалга чыкты. Ал 16-августта дзюдо боюнча турнирде 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жатат.

Нармухамедова биринчи беттешинде Камерундун спортчусун жеңип, жарым финалда Марокконун өкүлүнөн күчтүү болду. Финалда кыргызстандыкка түркиялык дзюдочу атаандаш болот.