Ислам оюндары. Кыргызстан медалдык эсепте 9-орунда

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештин оюндары соңуна чыгууда. Кыргызстандын курама командасы күчтүү он команданын катарына кирди.

Биздин спортчулар 26 медалга ээ болушту — 8 алтын, 8 күмүш жана 10 коло. Ошондой эле Кыргыз курама командасынын эсебинде оор атлетика боюнча 5 кичи коло жана салттуу жаа атуу боюнча бир алтын медаль бар.

Жыйынтыгында Кыргызстан медалдык эсепте тогузунчу орунда болду. Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы коронавирустун пандемиясынан улам 2022-жылдын августуна жылдырылган.